24.kg
16:46, 08 июня 2020, 24.kg

Бишкекте милиция кызматкери кызды зордуктоо учурунда сактап калды

Бишкекте БМЖККК кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган адамдан куткарып калды. Бул тууралуу укук коргоо органдары 24.kg агенттигине маалымдашты.

Маалыматта берилгендей, милиция кызматкери Карагачев токоюнун жанынан өтүп баратып токой тараптан кыздын кыйкырыгын уккан, ал жардамга чуркап барганда киши кызга кылмыш ишин жасоого киришкен.

«Милиция кызматкерин көргөндө каракчы качууга аракет кылган, бирок кызматкер аны кууп барып колго түшүргөн», — дейт маалыматта.

БМЖКККнын басма сөз кызматы бул факт катталгандыгын тастыктады. Бул иш тергөөгө өтүп, кылмышкерди Свердлов РИИБне өткөрүп беришти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18