24.kg
15:22, 08 июня 2020, 24.kg

БШК: мечиттерди жана чиркөөлөрдү ачуу азыр эрте

Республикалык штабдын 8-июндан тарта Кыргызстандагы мечиттер менен чиркөөлөрдү ачуу чечими азырынча эрте. Мындай пикирди БШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда депутат Сайдахмат Исмаилов билдирди.

«Мен өзүм мечитке барам, ал жака канча адам келерин билем. Айрым намазканаларга 1000ге жакын, ал эми жума күндөрү Бишкектеги мечиттерге жарым миллионго жакын эл барат. Коронавирус менен күрөшүү үчүн көрүлүп жаткан аракеттер текке кетүү коркунучу бар», — дейт ал.

Депутат белгилегендей, Медина менен Меккедеги эки эң чоң мечит жабык турат.

«Мен баардык мусулмандарга кайрылат элем. Азыр, мечиттерде аралыкты сактоо боюнча так көрсөтмө жок. Коронавирус менен күрөшүү үчүн дарыгерлер, мамлекеттик органдар, мамлекеттик кызматкерлер кандай гана эмгек менен күрөшүп жатышкандыктарын биз баарыбыз көрүп жатабыз», — деп кошумчалады Сайдахмат Исмаилов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18