24.kg
14:49, 08 июня 2020, 24.kg

ӨКМ эскертет: Кыргызстанда кайрадан сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын аймагында 8-июндан 10-июнга чейин мезгил-мезгили менен жаан төгүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет алдын ала шашылыш билдирүү берди.

«8-9-июнда республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал. Күн сууктайт. Катуу шамал болот», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертти.

8-10-июнда туруксуз аба ырайынан жана боло турчу нөшөрлүү жаан-чачындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертишти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18