24.kg
14:28, 08 июня 2020, 24.kg

Дагы бир дарыгерден коронавирус аныкталды

Бишкекетеги № 12 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактылүл Исмаилова 24.kg агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, мындан эки жума мурун анализ тапшырылган.

«Ал бейтаптар менен байланышта болгон. Баардык кесиптештеринен анализ алынган, натыйжада баары таза чыккан», — дейт ал.

Эске сала кетсек, № 3 ҮМБнын тогуз кызматкеринен коронавирус аныкталган. ҮДТ борборунун башчысы Жүзүм Көкүмбаева көз жумган. № 17 ҮМБда сегиз дарыгер ооруган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18