24.kg
14:11, 08 июня 2020, 24.kg

19-июнда Бишкектен Якутияга атайын учак учат

Бишкектен Якутияга (Россия) учуу каттамы 19-июнга белгиленген. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Анын айтымында, борттогу орундар Амурск, Магадан, Сахалин, Иркутс облустук, Еврей автономиялуу облусу, Камчатка, Приморск, Красноярск, Хабаровск, Бурятия, Саха (Якутия) аймактарында жашаган жарандарга берилет.

«Каттам тууралуу баардык маалыматтарды Бишкектеги элчиликтин сурап-билүү бөлүмүнө 0312612615, 0312612617 номурлары аркылуу, ал эми облустун түштүк тарабында жашаган жарандар Оштогу элчиликке 0558909005, 322288221 номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот», — деп билдирет Россиянын Кыргызстандагы элчилиги.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18