24.kg
12:31, 08 июня 2020, 24.kg

Абитуриенттерге кулак кагыш! ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн-режимде өтөт

Кыргызстанда университетке тапшыруу онлайн түрдө өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйында билдирди.

Photo 166262

Анын айтымында, абитуриенттер учурда атайын иштелип жаткан платформага ЖРТ талондору менен катталып, окууга тапшыра алышат.

«20-июндан тартып маалымат берүү иши башталат. 20-22-июнда келечектеги студенттер үйлөрүндө отуруп алып онлайн режимде талондорун каттоодон өткөрө алышат. Кыргызстандын ар бир жараны, окууга тапшыруу кандай жүрүп жатат, бюджеттик жана контракттык орундардын саны, канча талон катталгандыгы ж.б. баардык маалыматтарды алса болот», — дейт ал.

ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру 20-22-июль, экинчи туру 27-29-июль, ал эми үчүнчү тур 3-5-авгуска чейин уланаарын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18