24.kg
11:01, 08 июня 2020, 24.kg

Ысык-Көлдө жол кырсыгында эки аял көз жумду

Ысык-Көл облусунда 7-июнь күнү болжол менен саат 4:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт (Көк-Мойнок-1 айылы) унаа жолунун 160-чакырымында Honda Step унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып бетон менен чегерилген тосмого кептелип калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, натыйжада 39 жана 48 жаштагы эки аял көз жумду. 34 жана 19 жаштагы эки эркек киши, 18 жаштагы кыз жаракат алышкан.

Жабырлануучулар Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18