24.kg
10:51, 08 июня 2020, 24.kg

Казакстанда президенттин маалымат катчысынан коронавирус аныкталды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катсчысы Берик Уали коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда маалымат катчы ооруканада жана абалы канааттандырарлык. Ал санитардык тартиптерди, нормаларды аткаргандыгына карабай жуктуруп алганын белгилеген.

Photo 166245

Ал эми президенттик аппараттын пресс-кызматы «өлкө башчы Касым Токаев ишин түзүлгөн тартип боюнча уланта берет. Ал коронавируска карата бат-баттан тест тапшырып турат. Анын ден-соолугуна коркунуч жарата турган негиз жок», — дейт.

Казакстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 12 миң 694кө жетти. Анын 7 миң 135и айыгып, 53 бейтап көз жумду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18