24.kg
10:37, 08 июня 2020, 24.kg

Базарда, банкта жуктуруп алгандар бар. Штаб санитардык эрежелерди эскертет

Коронавирусту жаңы аныкталган алган 10 киши каерден жуктуруп алганын билбейт. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, илдетке чалдыккандардын арасында вирусту кайсы жерден жуктуруп алганын билбегендер көбөйдү.

«Бала бакча кызматкерлеринин арасынан чыкты. Банк кызматкерлеринин, базарда иштегендерде аныкталды. Андыктан этият болуп, бет кап тагынып, аралыкты сактагыла», — деди Нурболот Үсөнбаев.

Жалпысынан вирус жуктургандардын саны 8-июнга карата 2 миң 32 кишиге жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18