24.kg
10:26, 08 июня 2020, 24.kg

Бишкекте Алмазбек Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат

Бишкекте Биринчи май райондук соттун жанында мурунку президент Алмазбек Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат.

Митингге 20га чукул адам келди. Алардын талабы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекетти башкаруу учурундагы кылмыштары үчүн жазаланышы керек.

Нааразычылык акциясына келген аялдардын колдорунда  «Атамбаев адам өлтүргүч», «Биз колхоз эмеспиз, биз элбиз» ошондой эле «Кан ичкич Атамбаев жазалансын!» деп жазылган плакаттар бар.

Белгилей кетсек, бүгүн Биринчи май райондук сотто Кой-Таш окуясын иликтөө иши уланат.

Эске сала кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев бир нече кылмыш иштери боюнча айыпталууда. Алардын ичинен бири-2019-жылдын 7-8-августундагы болуп өткөн Кой-Таш окуясы болсо, экинчиси кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткондугуна байланыштуу. Учурда соттук-териштирүү иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18