24.kg
09:43, 08 июня 2020, 24.kg

Ысык-Көлдө унаасы менен учкан адамдын видеосу талкуу жаратууда

Ысык-Көлдө «Каприз» эс алуу борборунда Mercedes үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу фонтандын үстүнөн учуп кетти. Окуя тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаралууда.

Натыйжада айдоочу пансионаттын тосмосун жана отургучтарын талкалап кеткен.

Маалым болгондой, окуя 7-июнь күнү саат 6:00 чамасында Ысык-Көл облусунун «Каприз» пансионатынын ичинен унаасы фонтандан секирип өтүп, жолдун четиндеги тосмолорду жана отургучтарды талкалагандыгы боюнча видео тараган.

Унаа ээси пансионатка эс алууга барган жана алдындагы фонтанды көрбөй калган. Ал Бишкек шаарынын 21 жаштагы Б.В. аттуу тургуну. Айдоочу жол эрежесин бузгандыгы боюнча күнөсүн толугу менен мойнуна алды.

Медициналык текшерүү учурунда айдоочу спирт ичимдиктерин ичпегендиги аныкталган. Аталган факт, райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, бузуулар жөнүндө кодексинин 124 беренеси «бейбаштык» жана «жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу» менен протокол түзүлүп, унаа айып төлөнүүчү жайга токтотулду.

24.kg агенттигине маалымат жөнөтүү үчүн WhatsApp жана Telegramдан 0555312024 номурун териңиз.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18