24.kg
09:27, 08 июня 2020, 24.kg

Таласта «Үчүнчү канал» телеканалына өрт коюшту

Талас облусунда «Үчүнчү канал» телеканалынан өрт чыгып, 300 миңге жакын чыгымга учурады. Бул тууралуу телеканалдын коммерциялык директору Перизат Мамырова 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, өрт 6-июнда болжол менен саат 4:00 чамасында чыккан. Жумушка келген кызматкерлер келгенде гана байкашкан.

«Бул кимдир бирөөлөр тарабынан өрттөлгөн. Биздин кеңсенин терезесин кирпич менен сындырышып, бутылканын ичине жардыргыч салып ыргытышкан. Чыгымдарды дагы эсептеп жатабыз, бирок алдын ала эсептөөлөр боюнча 300 миң сомду түздү. Бул суммага өрттөнүп кеткен компьютерлер жана башка техникалар кирет. Милиция кызматкерлери баардык далил болгон буюмдарды алып кетишти», — дейт Перизат Мамырова.

Талас облустук ИИБ Кылмыш жана жоруктар реестрине «Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана зыян келтирүү » беренеси боюнча катталганын билдиришти.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18