24.kg
17:32, 05 июня 2020, 24.kg

Бала бакча кызматкерлери тест тапшырышууда

Бишкек шаарындагы муниципиалдык бала бакчаларга жалпысынан 1 миң 700 кызматкер ишке чыгат. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматчысы билдирди.

«COVID-2019 вирусуна карата бала бакчалардын кызматкерлери 5-июндан тарта тесттен өтүштү. Жыйынтыгында дээрлик көпчүлүгү таза чыкты. Учурда анализ тапшыруу уланууда. Андан сыркары менчик бала бакчада иштеген кызматкерлердин тизмеси такталды, алар эртең ПЦР-тест тапшырышат. Тесттин жыйынтыгына карай иштеп башташат», — дейт мэриянын басма сөз кызматы.

Бишкек шаарында 87 муниципиалдык, 13 ведомстволук, 218 жеке менчик бала бакча бар. Ошондой эле мэрия менчик бала бакчалардын жетекчилерине кызматкерлеринин тизмесин тезирээк берүүнү суранат.

Жалпысынан 1 миң 700 кызматкер бала бакчада эмгектенет. Октябрь районундагы бала бакчаларда-703, Свердлов районунда-353, Биринчи май районунда-291, Ленин районунда-266 кызматкер. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18