24.kg
16:37, 05 июня 2020, 24.kg

Жумалиевдин 2,5 миллиард доллары жок. «Чоң казат» күнөөсүн мойнуна алды

Чоң казаттын өкүлдөрү Сыймык Жапыкеевдин айтып чыккан маалыматтарынын негизинде депутат Кубанычбек Жумалиевдин жана анын жубайы Роза Аманованын мал-мүлкүн текшерүү иши сунушталган. Жыйынтыгында айтылган маалыматтар жалган болуп чыкты. Бул тууралуу 4-июнда өткөн Ленин райондук сот отурумунда Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын айтымында, жактоочу Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиевдин мал-мүлкүн текшерүүнү соттон суранган. Бирок депутат туугандары сотко тиешеси жоктугун баса белгилөө менен кадыр-баркына доо кеткендиги үчүн доо арыз жазган. Ал эми жактоочу Сыймык Жапыкеев соттун жообу чыга электе эле тосмо арыз жазып, арызын кайтарып алган.

Ошондой эле Сыймык Жапыкеевдин өкүлдөрү Жумалиевдин 2,5 миллиард доллары жок экенин мойнуна алышканын белгиледи.

«Сыймык Жапыкеевдин өкүлдөрү Кубанычбек Жумалиевдин 2,5 миллиард доллары жок экенин айтышты. Жумалиевдин каршылаштары коомчулукта тараган байлыгы чындыкка дал келбегенин түшүнүшөт деп ойлойм», — дейт жактоочу.

Жактоочу Кубанычбек Жумалиевдин мамлекеттик бюджетке салык кызматына карызы жок экендигин эскертти.

«Буга чейин Сыймык Жапыкеев Мамлекеттик салык кызматына арыз менен кайрылган, анда депутаттын салык кызматында карызы жок экендигин тастыкташкан. Бөлүмдүн расмий жообу сотко тиркелген», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18