24.kg
15:47, 05 июня 2020, 24.kg

Журналист Баяна Кулованы сотко берген аял эки миллион сом талап кылууда

Журналист Баяна Кулованын үстүнөн эки миллион сом доо арыз жазылды. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, Бишкек шаардык Ленин райондук сотуна Венера Мамбетова аттуу жаран Баяна Кулованын үстүнөн «кадыр баркыма шек келтирди» деген таризде эки миллион сом өлчөмүндөгү доо арыз жазган.

Photo 166143

«Ал тууралуу «Де-факто» гезитине «Кореядагы алданган кыргыздар, же Венера Мамбетова деген ким?» аталышындагы макала жарыяланган. Кореяда иштеген мекендештерибизден 10 миң $ акча алып Кыргызстанга котором деп алдап кеткени баарыбызга маалым. Учурда бул аялга карата Ленин райондук соту «алдамчылык» беренеси боюнча тергөө ишин жүргүзүп жатат", — дейт Баяна Кулова.

Ошондой эле Баяна Кулова өзүнүн жеке баракчасына: «Таң калбаңыздар, ооба сотко чакырылдым. Азыркы заманда элдин, өзгөчө мигранттардын акыйкаттуулугун талашсаң ушинтип соттон сотко сүйрөлүп жашайсың», — деп билдирүү калтырган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18