24.kg
12:56, 05 июня 2020, 24.kg

Кризистен чыгуу планы июндун аягына сунушталды

Жумушчу топ июндун аягында чейин өкмөттүн кризиске бөгөт коюу планын сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн парламенттик угууда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, учурда жумушчу топ түзүлдү.

«Мага бизнес тарабынан бир катар сунуштар түштү. Муну үчүнчү план деп атаса болот, биз дагы депутаттардан сунуштарды күтүп жатабыз. Айдын аягында үчүнчү этаптын программасы кароого коюлат », - деди Эркин Асрандиев.

Белгилей кетсек, министрлер кабинети кризиске каршы биринчи жана экинчи планын сынга алган. Жыйынтыгында ишкерлерге салыктарды жана Соцфонд төлөмдөрдү кийинкиге калтырып, жеңилдетилген насыяларды берүү убададаланган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18