24.kg
12:31, 05 июня 2020, 24.kg

Өзүң үчүн бет кап кий! Базарларда коронавирус коркунучу жогору

Ата мекендик өндүрүштөр маска жана антисептиктерди тез арада чыгарууга көмөктөшүшү керек. Бул тапшырма Республикалык штабдын жыйынында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына берилген.

Бийлик өкүлдөрү коронавирус илдетин алдын алуу иретинде коомдук жайларды дезинфекциялоону жана үй карантинин талдкуулашты.

Белгилүү болгондой, COVID-19 жугузган адам борбордук ири базарлардын бирине барбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ири базарлар коронавирусту жуктуруу коркунучун жараткан аймак болууда. Ушуга байланшытуу муниципалитетке бардык санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды көзөмөлдөөнү күчөтүү сунушталды.

Базарларда инфекция коркунучу жогору, көпчүлүк жарандар бет кап кийбей, аралыкты сактабай жатышат.

Бишкек шаардык мэриясы шаардын бардык базарларында бирдиктүү стандарт киргизилгендигин, ага ылайык мекемелердин санитардык талаптары жетекчилеринин мойнунда экендигин билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18