24.kg
12:08, 05 июня 2020, 24.kg

Бет кап кийгендиги үчүн депутатты шылдың кылышкан

Парламентте коронавирус коркунучун алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү суранышты. Мындай сунушту депутат Адылбек Жунус уулу көтөрүп чыкты.

Ал Өрто Азияда коронавирус илдетин жуктургандардын саны боюнча Тажикстандан кийинки эле орунда Кыргызстан тураарын белгиледи.

«Биздин мамлекекет кичиней, ага карабастан илдетке чалдыккандардын саны 2 миң. Бул албетте бизде тартип жоктугуна байланыштуу. Бизге темирдей катуу тартип керек, ошондо гана биз вирусту жеңе алабыз. Эгер жайында жеңе албасак күзүндө да кышында да үйдө отурууга мажбурбуз», — дейт депутат Адылбек Жунус уулу.

Депутат февралдын башында Кытайга барып, пандемияны жеңүү үчүн эли кантип аракет кылып жаткандыгын көрүп, баа берген.

«Бизде коомдук транспорттордо жургунчүлөрдун көбү бет капсыз жүрүшөт. Дүкөндөргө бет капсыз киришет. Ал эми базардагы элдерден эмне учун маска тагынбай жүргөндүктөрүн сурасам, алар мага кулуп коюшту», — дейт ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 1 миң 936га жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18