24.kg
11:51, 05 июня 2020, 24.kg

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка шектүүлөр 48 саат камакка алынат

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Белгилей кетсек, ал Жогорку Кеңеш тарабынан 30-апрелде кабыл алынган.

Белгиленгендей, мыйзамдын максаты үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактыларына чара көрүү болуп саналат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Түзөтүүлөргө ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка шектелгендер 48 саатка камакка алынат.

Камакка алуу чечими, шектүү жабырлануучунун ден-соолугуна, өмүрүнө зыян келтирсе, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине зордук-зомбулук көрсөтүлсө, коркутуулар катталса, ошондой эле мас абалында же наркотик колдонуп коомчулукка коркунуч туудурса эч кайтарусуз иштейт. Эгерде адам коркутуу, уруп-сабоо, басынтуу улана берсе анда башка чаралар көрүлөт.

Эскерте кетсек, Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 65 пайызга көбөйгөн.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18