24.kg
10:21, 05 июня 2020, 24.kg

СOVID-19. Ошто 34 жаштагы вирус жуктуруп алган аял кайтыш болду

Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев. билдирди.

Анын айтымында, Ош облустук бириктирилген ооруканасында дарыланып жаткан 34 жаштагы аял көз жумду.

«Ал өзү лейкоз менен ооруган. 22-майдан тарта ооруканада дарыланууда болчу, 30-майда контакт болгон адам катары анализ тапшырып, 31 майда вирус аныкталды», — дейт ал.

Дагы бир бейтап Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып жаткан 82 жаштагы аял дагы кайтыш болду.

«Ал вирусту COVID-19 менен ооруган кызынан жуктуруп алган. Кан басымы жогору болуп, кант диабети менен дагы ооруп жүргөн», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Жалпы каза болгондордун саны 22 кишини түздү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18