24.kg
09:58, 05 июня 2020, 24.kg

Мэрия тротуар жана вело жолдорун курууда канализацияны эске алган эмес

Бишкек шаарындагы Манас проспектисине карай курулуп жаткан тротуар менен вело жолдорун куруу долбоорунда канализация эске алынган эмес. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандардан кат келип түштү.

Анын айтымында, мэрия канализацияны унутта калтырып дубалдан эки чарчы гана аралыкта жол куруп салган.

«Бөкөнбаев тараптан агып келген суу бул үйдү каптайт», — дейт ал.

Эске салсак, буга чейин Манас проспектисиндеги жеке менчик объектилердин ээлери карантин учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын Жерге жайгаштыруу жана курулуш башкармалыгынан тротуар, вело жолун курууга тоскоол болуп жаткандыгы жөнүндө билдирүү алгандыгын кабарлашкан. Ошол эле учурда бишкектиктер мэрияга «элдин баары үйдө отурганда курбай эми элге ыңгайсыздык жаратып жатышат. Карантин учурунда эмне кылып жатты? », - деген нааразычылыктарын билдиришкен.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы 18,4 километр узундуктагы Манас, Чүй жана Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө «П» түрүндөгү вело жолун куруу иштерин улантууда.

Бийлик өкүлдөрү качан гана өзгөчө абал аяктап, коменданттык саат токтогондо ишке киришишкен. Ал эми Бишкек шаарынын тургундары көчөдөгү чаң, тоскоолдук болуп жаткандыгына нааразы. Бирок шаар мэриясы тургундардын бул нааразычылыгына үн каткан жок.

24.kg агенттигине маалымат жөнөтүү үчүн WhatsApp жана Telegramдан 0555312024 номурун териңиз.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18