24.kg
09:10, 05 июня 2020, 24.kg

Италия кризистин айынан чек арасын ачууга аргасыз

Италия туристтер үчүн чек арасын ачууга аргасыз. 3-июндан тарта Европа бирлигине кирген мамлекеттердин, Улуу Британия, Норвегия жана Швейцариянын жарандары Италияга кире алышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Италия үч айга созулган оор чектөөдөн алсырап, туристтерди киргизүүнү баштаган. Аталган өлкөгө 3-июндан тартып Европанын курамындагы 26 мамлкекет, Улуу Британия, Норвегия жана Швейцариянын жарандары кире алышат. Ошондой эле туристтер эки апталык карантинге алынбай тургандыгы да маалым болду.

Photo 166016

Мындан тышкары италиялыктар да башка аймактарга чыга алышат. Карантин учурунда сырт жака чыгууга катуу чектөөлөрдү киргизишкен. Чет өлкөлүктөргө бир гана жумуш боюнча жана маанилүү себептер менен гана Италияга кирүүгө уруксат берилген.

Ал эми эксперттер чектөөлөрдү алып салгандыгына күмөн санашууда, себеби Италияда коронавирус дагы эле күчүндө.

Такталган маалыматтарга караганда, Италияда SARS-CoV-2 коронавирусунан жабыркагандардын саны 20 миңден ашты.

Италияда февралдан тартып SARS-CoV-2 вирусунан 33,5 миң бейтап көз жумган. Жалпысынан бул вируска чалдыккандардын саны 233 миңди түзөт.

ИДПнын 15 пайызын түзгөн Италиянын туризм индустриясы коронавирустун кесепетинен миллиарддаган евро жоготууга учураган.

Эске сала кетсек, ДСУ коронавирустун экинчи толкуну чоң жоготууга учуратышы мумкун экендигин эскерткен.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18