24.kg
17:16, 04 июня 2020, 24.kg

Улан Саляновдун өлүмүн териштирүү учурунда чыр чыкты

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда экс-генпрокурор Аида Салянованын инисинин өлүмүн териштирүү иши уланууда.

Тергөө иши башталганга чейин жабыркаган тарап күнөөлүүлөрдү видеого тартып алуу аракетин көргөн. Бирок, сот Марат Сыдыков видеожаздырууну бир гана тергөө ишин тартууга уруксат бергенин билдирди.

Photo 165988

Зал отурумунда чыр чыгып, сот жабырлануучу тараптан бирөөнү сыртка чыгарып салууну суранган. Ал соттун чечимине баш ийип, залдан чыгарылды.

Эске сала кетсек, Улан Саляновду 2017-жылдын 5-ноябрында белгисиз бирөөлөр өлтүрүп, из жашырып кетишкен. Кылмышкерлер маркумдун үйүнөн эч нерсе албаганы маалым болгон. Кылмышка шектүү 2017-жылы декабрдын аягында кармалган. Ал буга чейин бир нече ирет соттолгону маалым болгон жана Москвада из жашырып жүргөн. Ал эми Бишкекке 2019-жылдын май айында алынып келинген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18