24.kg
15:24, 04 июня 2020, 24.kg

ЖАМК: Сапар Исаковдун адвокаттарына катуу эскертти

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ПЦР-анализи жок адвокаттар менен жолугушуудан баш тартты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Такталгандай, № 1 тергөө абагында жактоочулардын бири Сапар Исаков менен жолугуп, экөө айнек аркылуу сүйлөшүшкөн. Бул сүйлөшүүдөн соң ЖАМК, айыпталуучу жана анын жактоочуларына пиар менен эмес, кылмыш иши боюнча алектенүүсүн эскертти.

«Жеке адвокаттарга саясат жана пиар менен эмес, өздөрүнүн ишине жакшылап көңүл бурууларын эскертебиз. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына же мамлекеттик органдын айрым өкүлдөрүнө карата кандайдыр бир жалган жана негизсиз айыптоолор болсо, биз алардын жүрүм-турумун текшерүү үчүн Юстиция министрлиги жана адвокаттар ассоциациясына кайрылууга аргасыз болобуз », - деп билдирди департамент.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө Сапар Исаков Тарых музейин оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирген.

Сапар Исаковдун адвокаттары Жаза аткаруу кызматынын коронавируска карата ПЦР-анализди милдеттүү түрдө тапшырттыруусуна нааразы болушууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18