24.kg
14:33, 04 июня 2020, 24.kg

Жогорку Кеңеште 5 жылга мамлекеттик той-топурларды токтотуу сунушталууда

Жогорку Кеңеште 5 жылга мамлекеттик мааракелердин токтотуу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги жыйында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.

Эл өкүлү коронавируска байланыштуу жакынкы 5 жылда мамлекеттик мааракелерди өткөрүүгө мораторий киргизүү керектигин белгилейт. 

«Кыргызстанда көптөгөн майрамдар бар. Биз мамлекеттик, диний майрамдарды жана бардык мүмкүн болгон даталарды белгилейбиз. Албетте ойго сыйбаганы менен бүгүн кризиске байланыштуу чыгымдарыбызды кыскарта турсак, эртеңки күнү иш-чараларды өткөрүүгө жеңил болмок», — дейт Бактыбек Турусбеков. 

Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын мааракелик иш-чаралар жөнүндө» беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору талкуулоодо.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Зиядин Жамалдинов, республикалык бюджетти сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу үчүн юбилейлик иш-чараларды оптимизациялоо жана ирээтке келтирүү керек экендигин айтты.

«Улуттук, регионалдык, корпоративдик негизде «50 жыл», «75 жыл», «100» жыл жана ар бир 25 жыл сайын белгиленчү мааракелик даталар өзгөчө белгиленип келет. Өзгөчө учурларда президенттин жарлыгы менен айрым мааркелер өткөрүлүшү мүмкүн», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18