24.kg
12:23, 04 июня 2020, 24.kg

Тарых музейин оңдоо. Сапар Исаковду 20 жыл эркинен ажыратуу суралды

Прокуратура мурдакы премьер-министр Сапар Исаковду 20 жылга эркинен ажыратууну талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо боюнча козголгон кылмыш ишин кароо учурунда айтылды.

Мамлекеттик айыптоочу Сапар Исаковду «Жемкорлук» айыбы менен 319-берене боюнча 20 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялап, 247 миллион сом айып салууну суранды.

Дагы бир айыпталуучу Мира Карыбаеваны «Кызматтык абалына кыянаттык» беренеси менен айыптап, 260 миң сом айып салуу сунушталды.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, Тарых музейин оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилген.

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18