24.kg
10:37, 04 июня 2020, 24.kg

Чек ара чыры. Жогорку Кеңеште жыйын жабык эшик артында өтөт

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов чакырылды. Депутаттар Кубатбек Бороновдун чек ара маселеси боюнча  Өзбекстандын премьер министри менен болгон жолугушуусу тууралуу маалымат берүүнү суранышты.

Маселе жабык эшик артында каралат. Буга чейин эл депутаты Закир Шарапов өзбек тарап бурмаланган маалымат берет деп айткан.

Эске сала кетсек, өзбек-кыргыз чек ара чыры 31-майда эки тараптын «Чечме» булагын талашуусунан улам келип чыккан. Талаш-тартыштан улам алар бири-бирине таш ыргытып, кырдаал курчуп кеткен. Жалпы 25 кыргызстандык ооруканага кайрылган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18