24.kg
10:24, 04 июня 2020, 24.kg

COVID-19. Бишкек менен Оштун медиктери дагы вирус жуктурду

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы иштеген эки, Ош шаарындагы — 4, Нарын облусунда — 1 медицина кызматкеринен вирус аныкталды.

Жалпысынан 372 медик жуктуруп алса, алардын ичинен 270и айыгып чыкты.

Вирус жуктуруп Бишкек шаарындагы № үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Жүзүм Көкүмбаева жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Альберт Исмаилов кайтыш болду.

Өкмөт вирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, набыт болгондорго — 1 миллион сом төлөп берет.

Коронавирус менен күрөшүүгө 6 миң медициналык кызматкер тартылган. Анын 3 миң 635и карантиндик зоналарда иштешүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18