24.kg
10:23, 04 июня 2020, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков коронавирустан каза болгон врачтын жакындарына көңүл айтты

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Альберт Исмаиловдун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекеттик башкармалыктын пресс-кызматы билдирди.

«Тилекке каршы, дарыгерлердин ичинен коронавирустун айынан көз жумган экинчи учур катталып жатат. Өлкөбүздүн аймагына оорунун жайылышынын алгачкы күндөрүнөн тартып, биздин дарыгерлер эпидемиологиялык кырдаалдын мындан аркы курчушуна жол бербөө үчүн бардык күч-аракеттерин жумшап, патриотизмдин жогорку деңгээлин көрсөтүштү. Тилекке каршы, кезмет учурунда инфекция жуккан дарыгерибизди сактап кала алган жокпуз», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

«Альберт Исмаилов өзүнүн ишин мыкты билген адис катары үлгү болду. Ал калктын саламаттыгы үчүн акырына чейин күрөшүп, көптөгөн жылдар бою өзүнүн медициналык милдетин ишенимдүү аткарып келди»

Сооронбай Жээнбеков.

«Альберт Исмаилов кесиптештеринин, жакындарынын, бейтаптарынын түбөлүк эсинде калат. Анын жакындарына жана туугандарына, балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп кошумчалады.

Альберт Исмаилов 3-июнда кайтыш болду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18