24.kg
10:16, 04 июня 2020, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 28 киши жуктурду. Анын 15и Бишкекте

4-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын маалыматында, Бишкек шаарында 15 адамдан аныкталды, Нарын облусу — 1, Ош шаарында— 4, Ош облусунда — 6, Чуй облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 1.

«Алардын бири четтен келген жарандан табылса, 20сы медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми, калган 7 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек», — деди Нурболот Үсөнбаев.

Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 1 миң 899га жетти.

Оорукана жаткандардын 27и айыгып чыкты. Бишкектен 24, Ош облусунан 1 жана Баткенден 2 бейтап чыгарылды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18