24.kg
16:05, 03 июня 2020, 24.kg

Ошто балык уулоо учурунда токко тартынып бир адам каза болду

Ош облусунда балык уулоого чыккан адамды ток тартып мерт кетти. Бул тууралуу ИИБдин пресс-кызматкери маалымдады.

Анын айтымында, окуя 1-июнда саат 18.30дар чамасында Коңур-Дөбө айылынын Кызыл-Суу дарыясынын жанында болгон.

45 жаштагы жаран балык уулоо учурунда ток тартып каза болгон.

«Ал балык уулоо учурунда кайырмагын дароо тартканда үстүндөгү электр зымдарына байланып калган. Маркумду ток тартып ошол жерден жан берген», — дейт ИИБдин басма сөз кызматкери.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18