24.kg
12:57, 03 июня 2020, 24.kg

Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы тапшырылды

Бишкекте көп балалуу энелер «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» төш белгиси менен сыйланышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын пресс-кызматкери билдирди.

Анын айтымында, сыйлоо учурунда муниципалитеттин кызматкерлери баардык санитардык нормаларды сакташкан.

 Бишкек шаары боюнча «Баатыр эне» ордени менен 34 эне, «Эне даңкы» төш белгиси менен 29 аял сыйланды.

Свердлов районунун акими сегиз энеге «Баатыр эне» орденин тапшырып, дагы сегизине «Эне даңкы» төш белгисин ыйгарды.

Октябрь районунда үч баатыр эне орден менен, дагы ону төш белги сыйланды.

Биринчи май районунун 10 тургуну орден, төрт тургуна төш белги алды.

«Тилекке каршы, жети баланын энеси Улутуук онкология борборунда дарыланып жатыптыр, ага орденди тапшыруу үчүн колдоо көрсөтүү иретинде ооруканага барып тапшырдык. Албетте бардык санитардык нормалар сакталды. Ал орден сыйлыган алгандыгына аябай кубанды», — дейт Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматери.

Ленин району боюнча «Баатыр эне» орденине 13 эне татыды, ал эми «Эне даңкы» төш белгиси төртөөнө ыйгарылды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18