24.kg
12:31, 03 июня 2020, 24.kg

Жаңы курулган эс алуу парктын арыктары бир айга жетпей урай баштады

Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы курулган парктын арыктары урай баштады. Бул тууралуу окурман 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, парк сапатсыз курулган, ошондуктан жоопкерчилигин алгандарга айып салынып, арыктарды кайра оңдоо керек.

Белгилей кетсек, Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигин ачуу аземине бир айдын боло элек, ага карабай парктагы арыктар урай баштаган. Калаа тургундары бул шалаакылык деп баалап, байма-бай кат жөнөтүшүүдө.

Борбордун түндүгүндө курулган бул жашыл аянчага шаардын бюджетинен 48 миллион сомго жакын акча сарпталган.

24.kg агенттигине маалымат жөнөтүү үчүн WhatsApp жана Telegramдан 0555312024 номурун териңиз.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18