24.kg
12:11, 03 июня 2020, 24.kg

«Караандай калп жана каралоо». «Азаттык» УКМКга жооп берди

«Азаттык» медиасынын журналисти Али Токтокунов УКМКнын билдирүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу ал видео кайрылуусун Facebook баракчасына жайгаштырды.

Али Токтакунов УКМКнын иши буга чейин да сынга алынып келгенин белгилейт.

«Биз Айеркен Саймаитиден жүздөгөн документтерди алып, ондогон күбөлөр берген маалыматтын негизинде бажы тармагындаы коррупциялык түзүмдөрдүн бетин ачтык. Анын натыйжасында 100 миллион доллар өлкөдөн чыгарылып кеткен. Өкмөт аны иликтөөнүн ордуна журналисттерди каралоону улантууда», — дейт Али Токтакунов.

Белгилей кетсек, кечээ Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында УКМКнын өкүлү каза болгон ишкер «Азаттыктын» журналисттерин 100 миң долларга жалдаганын айтты.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18