24.kg
11:39, 03 июня 2020, 24.kg

Жогорку сот Молдомуса Конгантиевди күнөөсүз деп тапты

Жогорку сот ИИМдин экс-министри Молдомуса Конгантиевдин тергөө иштерине чекит койду. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сот Молдомуса Конгантиевди буга чейинки эки инсанциянын актоо өкүмүн күчүндө калтырган.

ИИМдин мурунку министрине «2005-жылдын март окуясында шалаакылык кылган, 2010-жылдагы Апрель окуясында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айыптар тагылган. Биринчи май райондук соту Молдомуса Конгантиевге карата актоо өкүмүн чыгарды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18