24.kg
11:21, 03 июня 2020, 24.kg

Кыргызстанда коронавирустун жайылуу көрсөткүчү

Кыргызстанда 3-июндун расмий маалыматы боюнча 1 миң 871 адам коронавируска чалдыккан. Анын ичинен 1 миң 265 адам илдетти жеңсе, 20 адам каза болду.

 Учурда 586 бейтап дарыланууда.

Кыргызстан боюнча коронавирус илдети менен алышып жаткандардын саны бир сутка ичинде 3, 78 пайызга азайды, башкача айтканда 23 адамга аз.

Апрель айынын көрсөткүчү боюнча ооругандардын саны 1,6 пайызга өскөн. Ал эми май айында 1, 3 пайызга жогорулаган.

COVID-2019 вирусуна чалдыккандардын 67,61 пайызы илдеттен айыккандар. 

Бир жума ичинде коронавирустун жайылуу көрсөткүчү:

  • 25-31-майда 32,2 пайызга өскөн
  • 18-24-майда 9,1 пайызга өскөн
  • 11-17-майда 1,3 пайызга өскөн
  • 4-10-майда 28,6 пайызга өскөн
  • 27-апрелден 3-майга 24,3 пайыз түшкөн
  • 20-26-апрелде 15,6 пайызга түшкөн
  • 13-19-апрелде 20 пайыз
  • 6-12 апрелде 57 пайыз
  • 30-марттан 5-апрелге чейин 48 пайыз
  • 23-29-мартта оорулуулардын саны 7 эсеге өскөн
  • 18-22-мартта 4 эсе өскөн
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18