24.kg
10:23, 03 июня 2020, 24.kg

COVID-19. Вирусту көбүнчө Бишкек шаарынын тургундары жуктурууда

Кыргызстанда бир сутка ичинде 26 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте −16, Нарын облусунда-7, Ошто-1, Жалал-Абадда-1, Баткенде-1 учур катталды.

Ошондой эле COVID-19 вирусуна кабылгандардын жалпы саны 1 миң 871ге жетти, ал эми айыккандар 1 миң 265.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 1-июндан тартып коомдук транспорттор, ишканалар иштеп башташкан. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18