24.kg
10:16, 03 июня 2020, 24.kg

Балыкчыда ИИМдин атайын күчтөрү аскер комиссарынын орун басарын сабап салышкан

Балыкчы райондук соту ИИМдин «Шумкар» атайын күчтөр полкунун командиринин орун басарын жана ушул эле кызматтын офицеринин ыйгарым укуктарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо кызматынан билдирди.

Анын айтымында, Балыкчыда атайын күчтүн кызматкерлери аскер комиссарынын орун басарын жана бөлүм башчысын сабап салышкан.

«Тергөө Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлдү. Ал эми сот К.Н жана А.Ж аттуу аскер кызматкерлерин күнөөлүү деп таап, бир жыл катуу көзөмөлгө алуу чечимин чыгарды. Ал эми жабырлануучу оор жаракат алган эмес», — дейт укук коргоо кызматкери.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18