24.kg
09:43, 03 июня 2020, 24.kg

Кыргызстандагы түрмө жана убактылуу кармалуучу жайларда кыйноолор катталууда

Абактагылар кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлерине арызданышууда. Бул тууралуу укук коргоо уюмунун башчысы Динара Саякова 24.kg агенттигине маалымдады.

Укук коргоочулар түрмөдө жаза мөөөнөтүн өтүп жаткандардын абалы менен таанышып чыккан.

«Эксперттер белгилегендей, өлкөдөгү кыйын кырдаалга карабастан кыйноолор, аларга болгон катаал мамиле, жада калса кармоо тартибинин чегинен ашкан учурлар катталууда. Бизге кыйноолор боюнча алты арыз келип түштү, үчөөнө катаал мамиле жасалган. Көбүнчө эрежени бузуп убактылуу кармоочу жайларда мөнөтүнөн ашык, эки айдан алты айга чейин кармашат», — дейт Динара Саякова.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору тергөө абагындагы аялдар бийликтен жардам сурап кайрылганын белгилейт. Алар жазаларын жеңилдетип, үй камагына чыгарууну суранышат.

Эске сала кетсек, айыпталуучулар укук коргоо кызматкерлери аркылуу өкмөткө жана депутаттарга кайрылышкан, бирок бийлик тараптан эч кандай жооп болгон эмес.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18