24.kg
17:20, 02 июня 2020, 24.kg

Камил Рузиевдин иши. Укук коргоочу ооруканада

Укук коргоочу Камил Рузиев ооруканага жатып калды. Бул тууралуу анын баласы 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, укук коргоочунун кан басымы көтөрүлүп кеткен.

«Атам стресстен жана ачкалыктан улам кечээ кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жатып калды. Ал азыр Ысык-Көл облустук ооруканасында. Эртең, УКМК тарабынан атама байланыштуу бир нече соттук териштирүү иштери болмок», — дейт ал.

Эске сала кетсек, 29-майда УКМКнын кызматкерлери укук коргоочу Камил Рузиевди Караколдон кармашкан. Ал эми 31-майда Каракол шаарынын соту Камил Рузиевди үй камагына бошоткон.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18