24.kg
16:10, 02 июня 2020, 24.kg

Санитардык текшерүү: Бишкекте 81 тамактануучу жай тартип бузду

Бишкектеги бир нече кафе жана барларда санитардык тартип сакталбагандыгына байланыштуу 81 протокол түзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Тартипти бузгандардын тизмесинде «Live Bar», «Фрунзе», «Мира», «Ди-, «Барскон», «Империя Пиццы», «Шашлычная № , «Белес» чайханасы, «Тюбетейка» ресто-клубу жана «The Story» антикиносу бар.

Бардык мекмелер 50 орундуктун чегинен ашып, аны менен катар санитардык норманы сакташкан эмес.

Инспекторлор ишкерлерге, Бузуулар жөнүндө кодексинин 293 беренеси боюнча «Ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо» негизинде протокол түзүштү. Мекеменин өкүлдөрү айып пулду төлөөгө милдеттүү.

жалпы 2020-жылдын 2-июнуна карата 363 сомдун өлчөмүндө 81 протокол түзүлдү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18