24.kg
14:22, 02 июня 2020, 24.kg

Чек ара чыры. Жаракат алган эки жарандын абалы оор

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдан жаракат алгандардын ичинен экөөнүн абалы оор. Бул тууралуу 24.kg Саламаттыкты сакто министрилигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Айдаркен шаарчасындагы ооруканада дарыланып жаткан 4 кыргызстандыктын ичинен экөөнүн абалы оор.

«Эки жаран жандандыруу бөлүмүндө жатат, тилекке каршы алардын абалы оор. Калган 2 жаран хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Алардын абалы канааттандыраарлык», — деп билдирет маалыматта.

Бир күн мурун биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун чек ара чырында жабыркаган тургундар менен жолугуп кайткан.

Эске сала кетсек, өзбек-кыргыз чек ара чыры 31-майда эки тараптын «Чечме» булагын талашуусунан улам келип чыккан. Талаш-тартыштан улам алар бири-бирине таш ыргытып, кырдаал курчуп кеткен. Жалпы 25 кыргызстандык ооруканага кайрылган.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18