24.kg
14:01, 02 июня 2020, 24.kg

Жемкорлордун туугандарын шайлануу укугунуна ажыратуу демилгеси колдоо таппады

Конституциялык мыйзамдуулук боюнча парламенттик комитет депутат Тазабек Икрамовдун шайлоо мыйзамына киргизген өзгөртүүлөрүн колдоого алган жок.

Буга чейин депутат Тазабек Икрамов «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» жана «Депуттаттардын макамы» тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин демилгелеп чыккан.

Ошондой эле эл өкүлү, паракор аткаминерлер менен алардын туугандарына парламентке талапкерлигин коюуга тыюу салынышы керек деп эсептейт.

Бирок, бул ирет да тийиштүү комитеттин мүчөлөрү түзөтүү сунуштарын кабыл алган жок. Аны менен катар Тазабек Икрамовго соттолгондорду шайлоого катышуусуна тыюу салган норма бар экендигин эскертишти.

Мурун жоопко тартылгандардын Конституциялык концепциясына туугандарынын карама-каршы талапкер болуп чыгуусуна жол берилбейт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18