24.kg
12:15, 02 июня 2020, 24.kg

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочуларына айып пул салынууда

Бишкектеги коомдук транспорттун 5 кызматкерине бет кап кийбегендигине жана санитардык номаларды сактабагандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, санитардык патрулдук инспекторлор коомдук транспорттун 88 айдоочусун текшерген.

«Кээ бир айдоочулар бет кап, аралык тартибин сактаган эмес. Аны менен катар маршруттун ичи кир, жада калса санитайзер да орнотулган эмес», — дейт басма сөз кызматкер.

Айып салынган айдоочуларга Кылмыш-жаза кодексинин 150 беренесинин «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык нормалардын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу» боюнча протокол түзүлдү. Алардын ар бирине 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18