24.kg
11:57, 02 июня 2020, 24.kg

Нарында коронавирустан каза болгон аял инсульт болуп ооруканага түшкөн

Нарын облусунда коронавирустун айынан каза болгон 79 жаштагы аялдын өлүмү өнөкөт оорусуна да байланыштуу болгон. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бейтап 13-май күнү Нарын облустук ооруканалардын бирине ишемиялык инсульту  менен келип түшкөн. Аны менен катар анын гипертония өнөкөт оорусу жана кант диабети болгон. 29-майда бейтаптан COVID-19 вирусу аныкталган. Абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылып, 30-майда ден-соолугу мурдагыдан да начарлаганына байланыштуу ИВЛ аппаратына кошушкан. Тилекке каршы 1-июнь күнү көз жумду.

Эске сала кетсек, өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1 миң 845ке жетти, анын ичнен 1 миң 219 айыкса, 17 адам көз жумду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18