24.kg
11:37, 02 июня 2020, 24.kg

Блогер Элмир Сыдыманды 6 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда

Белгилүү блогер Элмир Сыдыманга карата кылмыш иши козголду. Ал аймак аралык кастыкты козуткан деп айыпталып, 6 жыл эркинен ажыратуу сунушталууда. Бул тууралуу жактоочу Али Магеев 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, бүгүн сот отуруму болуп, анда жактоочу ар тараптуу соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоону өтүнгөн. Бирок сот жактоочунун өтүнүчүн аткаруудан баш тарткан.

«Биз видеону көрсөттүк, анда Элмир Сыдыманды жек көргөн интернет колдонуучулар ушуга жеткригендиги көрүнүп турат. Экспертиза өткөрүүсүн сурандык, бирок сот видеону көрбөй туруп баш тартты. Тарапташтардын талашып-тартышуусун соң тергөөчү Элмир Сыдыманды 6 жылга эркинен ажыратууну суранды », - дейт блогердин жактоочусу Али Магеев.

Эске сала кетсек, блогер Элмир Сыдыман өзүнүн Instagram баракчасына түштүк тараптагы Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактары өнүкпөй калган деген таризде видео жүктөгөн. Аны аймак аралык кастыкты козутууга шектүү деп 19-февралда убактылуу кармоочу жайга камашкан. Бирок көп өтпөй үй камагына бошотулган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18