24.kg
11:13, 02 июня 2020, 24.kg

COVID-2019. Дүйнө жүзү боюнча 6,2 миллион адам коронавируска чалдыккан

Дүйнө жүзү боюнча COVID-2019 вирусун жуктургандардын саны бир сутка ичинде 99 миң 214кө жетти. Бул тууралуу окумуштуулар иштеп чыккан онлайн-карта тастыктады.

Photo 165636

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 6 миллион 166 миң 978 адам. Алардын көпчүлүгү АКШда (1 миллион 811 миң 357), Бразилияда (526 миң 447), Россияда (414 миң 328), Улуу Британияда (277 миң 736), Испанияда (239 миң 638) жана Индияда (198 миң 370).

COVID-2019 вирусу дээрлик 188 өлкөгө жетти.

Коронавирустан айыккан адамдардын саны 2,7 миллионго жакын. Онлайн көрсөткүчтүн көргөзмөсү боюнча бир суткада 54 миң 679 адам вирусту жеңген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18