24.kg
10:59, 02 июня 2020, 24.kg

Ош-Исфана жолунда кыргыз жаранынын унаасына Тажикстан тараптан ок атылды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында кайрадан чыр чыкты. Бул туралуу Мамлекеттик чек ара кызматы 24.kg агенттигине маалымдады.

Маалым болгондой, чек ара түшүнбөстүгү бүгүн түнү болжол менен саат 01:20 чамасында Баткен районундагы Эки-Таш аймагында болгон.

«Ош-Исфана жолунда бара жаткан кыргызстандыктардын унаасына Тажикстан тараптан белгисиз бирөөлөр бир нече ирет ок чыгарган. Алардын ичинен бир адамга ок тийип, учурда ооруканага жаткырылды. Ок мылтыкка таандык. Азыркы тапта чек арада абал жөнгө салынды. Милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө», — дейт чек ара кызматынын басма сөз кызматкери.

Эске сала кетсек, 2 айдын ичинде кыргыз-тажик чек арасында үчүнчү ирет чыр чыгууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18