24.kg
10:03, 02 июня 2020, 24.kg

Боронов: Чечменин тагдырын чечүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы каралат

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районундагы Чашма айылынын ортосундагы чекти атайын комиссия чечет. Бул тууралуу биринчи-вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Чечме айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Кубатбек Бороновдун айтымында, маселени кароодо Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынат.

«Булактын айланасындагы чек араны биз чечкен жокпуз. Аны эки өлкөнүн чек араларды аныктап, тактоочу комиссиялары чогуу отуруп, иштеп чечет. Чек аранын башка жагындагы 85% чечкен комиссия бул жерди да карайт. Аларга Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен чечкиле деген тапшырма берилген», — деди Кубатбек Боронов.

Белгилей кетсек, Чечме айылындагы булак талашка түшүп, Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда кагылышуу катталды. Кадамжай районун 25 тургуну оорукана кайрылып, экөө жандандыруу бөлүмүнө түштү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18