24.kg
18:11, 01 июня 2020, 24.kg

Кайыңды-Бишкек каттамынын айдоочулары иштөөгө уруксат сурашууда

Кайыңды-Бишкек жана Чалдовар-Бишкек шаар аралык каттаган маршруттарынын айдоочулары иштөөгө уруксат берүүлөрүн талап кылышууда. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигине маалымдашты.

Айдоочулардын айтымында, алар эки жарым айдан бери жумушсуз, каражатсыз үйдө отурушат.

«Мындан бир гана биз кыйналып жаткан жокпуз. Карапайым калк күнүгө Бишкекке барып-келүү үчүн бир күндө иштеп тапкан 500 сомун таксиге берүүгө мажбур болушууда. Элестеткиле, алардын иштеп тапкан акчаларынын баары жол киреге кетип жатат. Бийлик өкүлдөрү 25-майдан тартып иштеп баштайсыңар деп сөз беришкен эле, кийин 1-июнга жылдырышты. Эми 8-июнда деп жатышат. Мындан ары чыдай албайбыз. Эгер 8-июндан тартып жумушка чыгууга уруксат бербесе биз дагы колубуздан келген чараны көрөбүз», — дешет алар.

24.kg агенттигине маалымат жөнөтүү үчүн WhatsApp жана Telegramдан 0555312024 номурун териңиз.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18